Биз менен байланышыңыз

Ислам шериктештиги оюндары: дагы үч алтын, бир күмүш, бир коло

Кыска кабар , Спорт | 14 Авг 2022 | 660 | 0

Коньяда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында бүгүн, 13-август, кыргызстандыктар үч алтын, бир күмүш, бир коло медаль алышты.

68 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болду. Финалда казакстандык Мадина Бакбергенова менен беттешип, аны 11:0 эсебинде жеңип алды. Тайпалык баскычта Жуманазарова үч беттеш өткөрүп, Бангладеш, Түркия жана Өзбекстандын спортчуларын жеңген. Жарым финалда Түркмөнстандын өкүлүн 11:0 эсебинде жеңди.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде беттешти. Финалда Шаршенбеков азербайжандык спортчуну 10:2 эсебинде утуп алды. Ага чейин Өзбекстан менен Ирандын спортчуларынан алдыга озуп чыккан. 

Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн балбан Акжол Махмудов да алтын тагынды. Ал азербайжандык балбанды 5:2 эсебинде жеңди.

Бул оюнда Атабек Азисбеков коло медаль тагынды. 3-орун үчүн күрөштө Азербайжандын спортчусун 3:2 эсебинде жеңип, жарым финалда Атабек ирандыкка утулуп калды (1:1). Балбан Амантур Исмаилов (67 кг чейин) финалда азербайжандык спортчуга утулуп, күмүш байгеге ээ болду.

9-18-август аралыгында Конья шаарында (Түркия) бешинчи Ислам шериктештиги оюндары өтүп, ага 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышууда. Жалпысынан спорттун 24 түрү боюнча 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча 150 ашуун спортчу мелдешке катышмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM