Биз менен байланышыңыз

Улуттук тарых музейине алтын комуз тапшырылды

Кыска кабар | 13 Авг 2022 | 309 | 0

Улуттук тарых музейине алтын жалатылган комуз тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу экспонат музейдин конокторун жана туристтерди кызыктыра турганын белгиледи.

Комузду уста Марат Берикбаев чаап, зергер Али Мамарасулов ​​алтын менен  каптаган. Аспап Баткен өрүк жыгачынан жасалып, таза алтын менен ширетилген.

Буга чейин жалпысынан беш комуз жасалган. Эки комуз 2015-жылы Ош шаарында өткөн айтыштын жеңүүчүлөрүнө тапшырылып, үчүнчүсү жакын арада өтө турган акындардын айтышында берилет. Ал эми төртүнчүсү «Сулайман-Тоо» улуттук археологиялык музей комплексине коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM