Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы кызматкерлерин аттестациядан өткөрдү

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 313 | 0

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 20-июлдан 9-августка чейин бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрдү. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бардыгы болуп бажы органдарынын 406 кызматкери аттестациядан өттү, анын жыйынтыгында:

  • ээлеген кызмат ордуна ылайык келген, жогорку кызмат орундарына жылдыруу үчүн резервге киргизүү сунушталган – 94 кызматкер;
  • ээлеген кызматына ылайык келген – 234 кызматкер;
  • кайра аттестациядан өтүүгө тийиш – 64 кызматкер;
  • ээлеген кызматына ылайык келбеген жана төмөнкү кызмат орундарына которулууга тийиш — 8 кызматкер;
  • ээлеген кызматына ылайык келбеген жана бажы органдарынан бошотулууга тийиш — 6 кызматкер.

Аттестациянын максаты кызматкерлердин кызматтык жана кесиптик ишмердигине объективдүү баа берүү, алардын ээлеген кызматына ылайык келүүсүн, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүү перспективаларын аныктоо болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM