Connect with us

УКМК «Яндекс.Таксинин» кеңсесинде тинтүү болгонун билдирди

Кыска кабар | 30 Ноя 2024 | 241 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 29-ноябрында өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Яндекс. Такси Корп » ЖЧКсын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, «Яндекс. Такси Корп» жана анын өнөктөштөрү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат.

Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM