Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 20-июлдан 9-августка чейин бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрдү. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Бардыгы болуп бажы органдарынын 406 кызматкери аттестациядан өттү, анын жыйынтыгында:
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келген, жогорку кызмат орундарына жылдыруу үчүн резервге киргизүү сунушталган – 94 кызматкер;
- ээлеген кызматына ылайык келген – 234 кызматкер;
- кайра аттестациядан өтүүгө тийиш – 64 кызматкер;
- ээлеген кызматына ылайык келбеген жана төмөнкү кызмат орундарына которулууга тийиш — 8 кызматкер;
- ээлеген кызматына ылайык келбеген жана бажы органдарынан бошотулууга тийиш — 6 кызматкер.
Аттестациянын максаты кызматкерлердин кызматтык жана кесиптик ишмердигине объективдүү баа берүү, алардын ээлеген кызматына ылайык келүүсүн, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүү перспективаларын аныктоо болуп саналат.