Биз менен байланышыңыз

1200 мектепке компьютердик класстар үчүн эмеректер жеткирилүүдө

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 200 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик класстар үчүн эмеректерди жеткире баштады.

1200 мектептин ар бирине — 15 стол, 15 стул, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык коллежге – 21 стол, 21 стул жана процессор үчүн 21 тумба тапшырылууда.

5-августка чейин Ысык-Көл облусу боюнча 109 мектепке эмеректер жеткирилип бүттү.

Учурда Чүй, Баткен, Нарын облустарына жана Бишкек шаарындагы мектептерге берилип жатат. Кийинки кезекте Ош, Жалал-Абад жана Талас облустары турат. Бардык мектептерге жеткирип берүү жумуштары октябрь айында бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, аталган долбоор аркылуу 1200 мектепке жана 8 педагогикалык коллежге 24 миң 168 даана компьютер, 7 миң 208 даана проектор, 2 миң 408 даана хаб, 1 миң 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM