Биз менен байланышыңыз

Унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн 70 млн сом түштү

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 410 | 0

Унаалардын каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан ушул жылдын 1-июнунан тартып жеңил транспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү процесстери ишке ашырылып келүүдө.

Кечээ, 8-августка карата 864 уруксат берүү катталып, бюджетке 69 млн 740 миң сом түшкөн.

Унаасынын каптал айнектерин караңгылаткысы келген жарандар транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана паспорт же ишеним кат менен ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин каалаган аймактык каттоо бөлүмүнө кайрылса болот.

Каттоо процедурасы 30 мүнөттөн ашпайт.

Уруксат берүүнүн наркы жеке адамдар үчүн 80 миң сом, юридикалык жактар үчүн 100 миң сом жана резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM