Биз менен байланышыңыз

Кадыркулов Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын президенти менен жолукту

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 206 | 0

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Г.Чижиков менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз тарап эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган иштерди активдештирүү сунушун киргизди.

Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын президентине Кыргызстандын аймагындагы чет элдик инвесторлор үчүн жеңилдиктер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди.

Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактары боюнча чет өлкөлүк жана украиналык инвесторлорду кызыктыра алган долбоорлор жөнүндө сөз болуп, чакан жана орто ГЭСтерди куруу, «жашыл» энергияны кайра өндүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, туризм жана IT технологиялар тармагындагы абал талкууланды.

Практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн украин тарапка туризм жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен таанышуу максатында Кыргызстанда биргелешкен бизнес-форум уюштуруу сунушталды.

Украин тарап өлкөнүн бизнеси өнүктүрүү үчүн жаңы ыңгайлуу жерлерди жана багыттарды табууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар август айынын аягына чейин кийинки иш-чаралардын планын иштеп чыгуу үчүн экинчи жолугушууну уюштурууну макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM