Биз менен байланышыңыз

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип «Алтын Казына» кафесинин кызматкери кармалды

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 934 | 0

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип «Алтын Казына» кафесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызынын зордукталганын айтып, чара көрүүнү суранган.

Арыз Аламүдүн милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иши жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон.

Окуянын жагдайы боюнча адамдар такталып, алар суракка алынып көрсөтмөлөрүн беришкен. Ошондой эле тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш ишин көзөмөлдөө Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысына жүктөлдү.

Эске салсак, «Алтын Казына» кафесинин кызматкерлери өспүрүм кызды зордуктагандыгын кыздын атасы айтып чыгып, кафедеги абалды видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул окуядан кийин аталган кафенин жабылуусун талап кылып, бул окуя боюнча мыйзам чегинде иш алып барылуусун талап кылышууда.

«Алтын казына» рестораны мурдагы депутат Махабат Мавляновага таандык экендиги айтылууда. Бул маалымат боюнча Махабат Мавлянова комментарий берип, ал кылмышка шектүүлөрдүн күнөөлөрү далилденсе сөзсүз жазаланышын талап кыларын белгилеген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM