Биз менен байланышыңыз

Президент сентябрда Нью-Йоркко барат

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 716 | 0

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Американын Нью-Йорк шаарына барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин сапары тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын Нью-Йоркто Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча Келишимдин X Обзордук конференциясынын алкагында БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттериш менен болгон жолугушуусунда белгилүү болгон.

БУУнун башкы ассамблеясынын 77-сессиясы 20-26-сентябрь аралыгында Нью-Йоркто өтөт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров өткөн жылы апрелде БУУнун Азия жана Тынч океан региону боюнча экономикалык жана социалдык комиссиясынын сессиясына онлайн катышып, тоолорду сактоо боюнча демилге көтөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM