Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 13 млрд куб метрден ашты

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 528 | 0

Бүгүн, 8-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 3 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 524 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 416 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын жогорку чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM