Биз менен байланышыңыз

75 жаштагы Мамыт Таштанов велосипед менен Түркияга барат

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 141 | 0

75 жаштагы Мамыт Таштанов Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн велосипед менен жөнөп кетти. Ага карата Ошто сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар катышты.

Таштановго облус жетекчисинин резервдик фондунан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Мамыт Таштанов Түркияга баруу үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан жана Армениядан өтүүсү керек болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM