Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ат-Башыда Казыбек Казалчынын 120 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 174 | 0

Бүгүн, 6-августта Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда алп акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарынын алкагында этнофестиваль, кыз-куумай, буюмдар көргөзмөсү, улуттук даамдар жарманкеси жана концерттик программа өтөт.

Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары Кеңеш доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп болгон.

Казыбек Мамбетемин уулунун казалдарынын көркөмдүгү жана тарбиялык мааниси эл ичинде жогору бааланып, ошол учурдагы элдин турмушун ачык чагылдырып турган. Айрыкча анын сүргүндө жүргөндөгү «Орунбордон каты» аттуу казалы элге кеңири сиңген. Казалдары 1990-жылдан кийин гана жарык көргөн.

Белгилей кетсек, сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин быйыл Жогорку сот тарабынан акталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM