Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөн катализаторлорду ташып чыгууга 6 айга тыюу салынды

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 420 | 0

Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын өлкө аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салынды.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аталган чечим Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Мындан улам Министрлер кабинети тиешелүү токтом кабыл алды. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндүн ичинде күчүнө кирет.

Эске салсак, өткөн жылы да август айында министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Марипов, мурда пайдаланылган катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM