Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси үй камагына чыкты

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 308 | 0

Саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыкты. Мындай чечим кечээ, 4-августта Ысык-Көл облустук сотунда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, Каракол шаардык сотунун токтому менен камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, Мээрим Тилекова 11-сентябрга чейин үй камагына чыгарылган.

Эске сала кетсек, Мээрим Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде 17-майда кармалган.

14-майда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору 100 миң сом пара алууга шектелип кармалганын жарыялаган. Анын жанында министрдин кеңешчиси да болгону айтылган.

Алымкадыр Бейшеналиев бул маалыматты четке кагып, ал күнү медайымдар күнү белгиленгенин, ал эми акча майрамга карата алынганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM