Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 3-августта Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Бишкекте түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 32…34 градус болот.