Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Самидинов Нурхан жана Ибрахим Умаров Орусиянын Владивосток шаарында өтүп жаткан “Азия балдары” VII эл аралык мелдешинде тхэквандо боюнча 2 медаль жеңишти.
48 кг салмак категорияда Нурхан Самидинов күмүш медалдын, ал эми 73 кг салмакта Ибрахим Умаров коло байгенин ээси болду.
Белгилей кетсек, “Азия балдары” мелдеши 28-июль күнү баш, 8-августка чейин уланат.