Биз менен байланышыңыз

«Ош ТВ» телерадиокомпаниясы мэриянын менчигине өткөрүлдү

Кыска кабар | 29 Июл 2022 | 202 | 0

«Ош ТВ» телерадиокомпаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 % мамлекеттик үлүшү Ош шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилди.

Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

«Мындай чечим шаардын көйгөйлөрүн, муниципалдык кызматтардын ишин, карапайым шаардыктардын турмушун чагылдыруучу телеканал катары аны мындан ары өнүктүрүүгө багытталган» , — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаардык соттун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык, «Ош ТВ» телерадиокомпаниясы мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду мындан ары телерадиокомпаниянын ыйгарым укуктуу жалгыз уюмдаштыруучусу болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM