Быйыл жарым жыл ичинде жогорку деңгээлдеги 66 визит жасалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 27-июлдагы маалымат жыйында айтты.
Кыргызстандагы чет элдик жогорку кызмат адамдарынын катышуусу менен 42 визит менен иш-чара өткөрүлдү.
Кыргыз делегациясынын чет өлкөлөргө болгон 22 иш сапары ишке ашырылды.
Мындан тышкары, кол коюуга 42 эки тараптуу жана 97 көп тараптуу эл аралык келишим жана документ даярдалды.