Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алты тонна баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
— героин – 33 кг 092 гр;
— апийим – 7 кг. 730 гр;
— гашиш – 92 кг 108 гр.
— марихуана – 65 кг 143 гр.
— каннабистин өсүмдүгү – 3 кг 655 гр
— психотроптук заттар – 12 кг. 900 гр;
— прекурсорлор – 3 т 200 кг;
— чекенди – 142кг;
— башка түрлөрү – 25кг 594 гр.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине 720 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган. Алынган баңгизаттардын орточо баасы 3 млрд 165 млн 545 миң 757 сомду түзөт.