Биз менен байланышыңыз

Некролог: Эл акыны Вячеслав Шаповалов дүйнө салды

Кыска кабар | 26 Июл 2022 | 204 | 0

75 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, котормочу, адабият таануучу, этнокультуролог Вячеслав Шаповалов дүйнөдөн кайтты.

Ал 1947-жылдын 28-октябрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) туулган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.

1971-жылы Пржевальск педагогикалык институтуна окутуучу болуп ишке кабыл алынган.

Андан кийин аспирант,  доцент, профессор, бир катар борборлордун жана институттардын директору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илим жана жаңы технологиялар боюнча проректору, илимий саясат башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

12 поэтикалык китептин, 5 монографиянын, кыргыз поэзиясынын котормолорунун 30дан ашык китебинин автору. Ырлары Россияда, Батышта, ошондой эле кыргыз, казак, украин, осетин жана башка тилдерде жарык көргөн. “Манас” эпосу жөнүндө дүйнөлүк адабияттагы биринчи олуттуу чыгарма “Манасчынын төрөлүшү” поэмасы француз тилине которулуп жарык көргөн.

Вячеслав Шаповалов СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасынын коомдук кеңешчиси болгон.

«Кыргыз коомунун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон Вячеслав Иванович Шаповаловдун элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз».

 С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков,
С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, Э.Ж. Байсалов,
Д.А. Ашимбаева, А.Дж. Джунушалиев, А.К.Жаманкулов,
А.Б. Бейшеналиев, С.А. Раев, С.А. Аманова, Ч. Эсенгул уулу,
М.А. Бектеналиев, М. Шеримкулов, Т.Т. Казаков, К.О. Иманалиев, М.А. Бегалиев, А. Абдыкалыков, Н.О. Калыбеков, К. Жусупов,
Т. Мамеев, М. Абакиров, С. Станалиев, А. Омурканов,
Ш. Дуйшеев,  М. Ааматов, К. Бакиров, Садык Шер-Нияз,
К.Ж. Садыков, Г. Базаров, М. Мусаев, М. Абдиев, С. Ишенов,
А. Суйундуков, Ж. Сооданбек, М. Сарулу, А.А. Кубат,С. Суслова, Э. Абдыжапаров, 
Н. Калыбеков ж.б.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM