Кыргызстанда 18-24-июль аралыгында COVID-19 вирусунун 981 учуру аныкталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен кабарлашты.
Анын ичинен 71 бейтап ооруканада, 910 адам үйдө дарыланууда.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирустун 202 миң 685 учуру катталган.
Өлкөдө коронавирус дээрлик токтоп, бейтаптар азайган. Бирок быйыл июль айынан тарта кайра көбүрөөк каттала баштады.