Чүй облустук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун шарттуу түрдө бошотуу өтүнүчүн карап, аны 15-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.
Бүгүн, 25-июлда облустук соттун коллегиясында Тилекмат Кудайберген уулун абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу жактоочунун арызы каралды.
Бирок Куренов абак жайында режимди бузганын, тактап айтканда, аны тинтүү учурунда телефон табылганын айтып, аны бошотуудан баш тарткан.
Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук соту Тилекмат Куреновду бир жыл алты айга эркинен ажыраткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 310 «Бийликти күч менен басып алууга коомдук чакырык», 39-264 «Массалык баш аламандык жасоо» жана 39-192 «Шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча айып тагылган.