Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Каркырадагы маарекеге катышат

Кыска кабар | 23 Июл 2022 | 859 | 0

23-июлда президент Садыр Жапаров көрүнүктүү жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына жана Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайты жазды.

Иш-чара Каркыра жайлоосунда өтөт. Аны КТРК жана республикалык жана облустук телеканалдар түз чагылдырат. Эфирдин болжолдуу башталышы 15:20.

Эске сала кетсек, маараке 22-июлда башталган. Салтанаттын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов, Ысык-Көл облусунун губернатору Алтынбек Сулайманов катышты.

Ошондой эле, «Манас» айтылып, төкмө акындардын айтыш өнөрү тартууланды. Улуттук оюндар ойнолуп, чоң программадагы салтанат менен коштолду. Мааракеге казак акындары, айтыш өнөр ээлери да чакырылган.

Жалпы улуттук оюндарга байгелер: 6 унаа, акчалай сыйлыктар жана төкмө акындардын айтышына 1 млн.сом каралган.

 

Ысык-Көл: Түптүн эки залкарынын мааракеси Каркыра жайлоосунда өтөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM