Бүгүн, 22-июль күнү Ош шаарынын мэриясы тарабынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнүн алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары (анын ичинде ата-энесинен ажыраган балдар) Чолпон-Атадагы “Алтын Балалык” санаториясына жөнөтүлдү.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Жалпысынан экинчи агымдын алкагында 25 бала жиберилген.
Анда балдар 10 күн эс алып, аларга социалдык, медициналык жардам жана колдоо көрсөтүлөт.
Балдардын биринчи тобу 18-июнда жөнөтүлгөн.