Биз менен байланышыңыз

Индиядагы президенттик шайлоону аял талапкер жеңди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2022 | 1605 | 0

Индиядагы президенттик шайлоодо Улуттук демократиялык альянстын талапкери Драупади Мурму жеңди. Бул тууралуу The Indian Express гезити билдирди.

64 жаштагы Мурму штаттардын жана аймактардын парламенттеринин, жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64% добушуна ээ болду. Анын оппозициядагы атаандашы Яшвант Синха 36% алды.

Мурму 2000 жана 2004-жылдары Орисса штатынын ассамблеясында эки мөөнөткө шайланган жана 2000-жылдан 2004-жылга чейин башкы министр Навин Патнаиктин тушунда коалициялык өкмөттө министр болуп иштеген.

2015-жылы ал Жаркханддын биринчи аял губернатору болгон.

Жаңы президент 25-июлда азыркы президент Рам Натх Ковинддин ыйгарым укуктары аяктаган күнү ант берет.

Copyright © 2017 Maral FM