Биз менен байланышыңыз

АРИС Нарында 47 социалдык объектини ишке берди

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 573 | 0

Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында Нарын облусунда 146 млн 300 миң сомго 47 социалдык объект ишке ашырылды.

Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Нарын шаарында өткөн Министрлер кабинетинин колдоосунда АРИС тарабынан ишке ашырылган Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясында белгилүү болду.

Тактап айтсак, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында алты жыл аралыгында облуста мектеп, бала бакча, китепкана, маданият үйү өңдүү объектилерди салуу жана реконструкциялоо, электр өткөрүүчү линияларды тартуу жана алмаштыруу иштери аткарылган.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаровдун айтымында, долбоор аяктап жатканы менен, башка долбоорлор ишке ашырылат. Аймакты өнүктүрүү максатында облсу жетекчилиги АРИС менен мындан ары да иштешүүгө кызыкдар.

Белгилей кетсек, Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарын камтып, жалпысынан 171 объект ишке ашырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM