Биз менен байланышыңыз

Статистикалык маалымат порталы ишке кирди

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 224 | 0

Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкаруу боюнча Stat.salyk.kg ачык статистикалык маалымат порталын ишке киргизди.

Stat.salyk.kg жарандарга салыктык башкаруудагы актуалдуу маалыматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет, анда учурдагы мезгил үчүн маалыматтар мурунку жылдарга салыштырмалуу жарыяланган.

Бул коомчулукка Салык кызматынын ишине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Stat.salyk.kg порталы Салык кызматы канча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн, анын ичинде киреше салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, КНСти (ички жана ЕАЭБ импортуна) чогулткандыгы тууралуу маалыматтарды камтыйт.

Ошондой эле, иштеп жаткан юридикалык жактар, жеке ишкерлер, ири салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат да ачык жана жеткиликтүү. Мындан тышкары, бул жерде өлкөдө канча контролдук-кассалык машиналар орнотулгандыгын билүүгө болот.

Порталдагы маалымат ар ай сайын жаңыланып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM