Биз менен байланышыңыз

Бишкекте муниципалдык кызматтарга таштанды чыгаруучу техникалар тапшырылды

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 566 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров райондордун жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө тиричилик таштандыларын чыгаруучу атайын техникаларды тапшырды.

Жапаров анда сөз сүйлөп, айлана-чөөйрөгө аяр мамиле жасоого, калктуу конуштарды таза кармоого чакырды.

«Бүгүн бир катар муниципалдык кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биринчилерден болуп 22 даана атайын техниканы алышат. Жакынкы жылдары мындай техникалар менен бардык аймактар камсыздалат», — деди Жапаров.

Өкмөттүн маалыматына караганда, техника Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көмөгү менен сатылып алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM