Крим чөйрөсүндө «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Соттун чечими менен Чыңгыз Жумагулов 7-сентябрга чейин камакта болот.
УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганын билдирген. Аны кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.
УКМК Жумагуловдон жабыркаган жарандар болсо, 0 (312) 64-04-75 ишеним телефонуна билдирүү калтырууну өтүнөт.