Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Бала бакчанын кызматкери алты баланы койдуруп кетти

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 1525 | 0

Баткендин Лейлек районунда бала бакчанын кызматкери унаасы менен алты бөбөктү коюп кеткен. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

15-июлда саат 11:30 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу «Шумкар» балдар бакчасынын кызматкери 43 жаштагы А.А., аттуу айдоочу Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаасын көлөкө жерге токтотууга аракет кылган. Ошол жерде ойноп жаткан алты баланы коюп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен эки жаштагы беш жана беш жаштагы бир бала денесинен жараат алып, Кулуңду айылдык ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган жаш балдардын бирөө оор абалда.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренсинин («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») 2-бөлүгү («Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, А.А.нын айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталып, унаасы айып төлөөчү короого киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM