Биз менен байланышыңыз

Бүгүн COVID-19 вирусунун 88 учуру катталды

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 200 | 0

Бүгүн, 18-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун дагы 88 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Аныкталган 88 учурдун ичинен:

— 72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан,

— 2 адамда өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.

-8 учур чет өлкөдөн келгендерден аныкталган (Корея, Литва, Венгрия),

-6 учур оорулуу менен байланышта болгон адамдардан аныкталган.

Маалыматка караганда, учурда бейтаптардын 75и үйдө дарыланып жатат, 13ү ооруканада.

2022-жылдын 18-июлуна карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM