Биз менен байланышыңыз

1-сентябрда транспорт, турак үй жана жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт

Блог , Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 1140 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктай турганын билдирди.

Ушул жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Ушул жылдан баштап мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана салык органдарына тапшыруу зарыл.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM