Биз менен байланышыңыз

Эки жылда Ооганстандан 1500 этникалык кыргыз көчүрүлөт

Кыска кабар | 15 Июл 2022 | 545 | 0

2024-жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргызды Ооганстандан алып келүү пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, 400 үй-бүлөнү алып келүүгө 244 миллион 530 миң сом сарптоо пландалууда.

«2022-жылы этникалык кыргыздар үчүн үй курууга 77 миллион 220 миң сом бөлүнөт. Бул каражатка Ош облусунун Кашка-Суу айылында (70 га) 30 турак жай курулат», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM