Биз менен байланышыңыз

Индиядан туристтик компаниялардын өкүлдөрү келди

Кыска кабар | 15 Июл 2022 | 320 | 0

Бүгүн, 15-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Индиядан келген туризм тармагынын  өкүлдөрү менен жолукту.

Анда Кыргызстандын туристтик дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилип, өлкөнүн имидждик ролиги көрсөтүлдү.

Азамат Жаманкулов Кыргызстандын кооз жаратылышы, бийик тоолору жана көчмөн маданияты, Кыргызстанда өтүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтты. Кыргызстан туризмдин бардык багытын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

2022-жылдын 7-8-июнунда Индиянын Нью-Дели жана Мумбай шаарларында Кыргызстан тарап Роуд-шоу өткөрүп, анын алкагында ири туристтик компаниялар жана инвесторлор менен жолугушуулар болгон. Жыйынтыгында Salvia promoters туристтик компаниясы менен меморандумга кол коюлган.

Роуд-шоунун уландысы катары 14-17-июлга чейин Индиядан 20га жакын ЖМК жана туристтик компанияларынын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстанга келген.

Иш- чара «Кыргыз Республикасында туризмди колдоо жана өнүктүрүү фонду» тарабынан уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM