Биз менен байланышыңыз

Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон бериле баштады

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 1379 | 0

Талас облусунда дарыгер кызга үйлөнгөн жигитке 50 миң сом берилди. Бул маалыматты «Маралга» президенттин аталган облустагы өкүлү Бакытбек Нарбеков тастыктады.

Анын айтымында, каражат облус башчысынын жеке чөнтөгүнөн сарпталган. Мындан ары да ушундай учур болсо, акча берилет. Баш кошкон дарыгер жубайлар жогорку билимдүү болушу керек.

Бир күн мурун президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Абдымалик Фейсбуктагы баракчасына облуста дарыгер кызга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон бериле баштаганын жазган.

Анын айтымында, быйыл облус башчысы биринчи жолу Талас облусундагы 37 айыл өкмөттүн ар бирине барып, элге отчёт берген. Анда дарыгерлердин жетишсиздигин чечүүнүн жолдорун айтып жатып, «Эгер ким врач кызга үйлөнсө, анда 50 миң сом сүйүнчүсүн берем», — деген.

«Бүгүн айткан сөзүнө туруп, Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургундары жаш жубайлар Чынгыз Айдаралиев менен врач-невролог Назгүл Жолдубай кызынын баш кошкондугуна байланыштуу 50 миң сом сүйүнчү сертификатын тапшырды. Андыктан 50 миң сом сүйүнчү алгысы келген бойдок жигиттер дарыгер кыздарга үйлөнүүгө аракет кылыңыздар», — деп жазды Бакай Абдымалик.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM