Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы студенттердин 70%ы фастфуд менен тамактанат

Блог , Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 505 | 0

2022-жылдын май-июнь айларында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин тамактануусун изилдөө жүргүзүлдү.

Социологиялык изилдөөгө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Кыргыз-орус славян университетинин, Кыргыз техникалык университетинин, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 18 жаштан 25 жашка чейинки 500 студенти катышкан.

Бишкектеги эл аралык медициналык институттун 16 студентинен турган илимий топту Альфия Самигуллина жетектеген.

Сурамжылоого катышкандардын 71 пайызы үзгүлтүксүз фастфуд жей турганын айтышкан. Ал тамак-аштан уулануу тобокелдиги бар экенин, ичеги-карын ооруларына жана системалык ооруларга чалдыгуу коркунучунда турушарын билдирет.

Сурамжылоодон өткөндөрдүн 56%ы фастфудду даамдуу жана кеңири тараган тамак катары  эсептешет, 43%ы убакытты үнөмдөө үчүн жешет.

ЖОЖдун студенттеринин 14%ы гана башка тамак-аш кымбат болгонун жүйө келтиришкен, 6%ы ага тез татым жегенди адат кылып алышкан.

Жаштардын 43%ы курамында ашыкча кант жана кофеини бар суусундуктарды үзгүлтүксүз колдонушат, бул жүрөк-кан тамыр жана эндокриндик оорулардын пайда болуу коркунучуна алып келет. Ошол эле учурда таттуу газдалган суусундуктарды жана мөмө-жемиш нектарын жактырган респонденттердин 66%ы аларды үзгүлтүксүз – күнүнө бир же бир нече жолу сатып алышат.

Сурамжылоого катышкан студенттердин 10%га жакыны алкоголдук ичимдиктерди дайыма ичери белгилүү болду. Ал эми тамеки чегүүнү адатка айланткандар 33%ды түзөт.

Сурамжылоого алынгандардын 84%ы активдүү жашоо образын карманарын белгилешкен, бирок алардын 25%ы гана спорт менен машыгат. Ошол эле учурда, 6%ы гана үзгүлтүксүз негизде, күн сайын же күн ара спорт менен алектенет.

Респонденттердин 19%ы үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүп турарын айтышкан. Мисалы, «Сиздин ден соолугуңуз азыр кандай абалда?» деген суроого 19%ы өздөрүн дени сак деп сезерин айтышса, калгандарынын (81%) ден соолугу тууралуу объективдүү маалыматы жок экени белгилүү болгон.

«Туура тамактануу жаштардын ден соолугунун калыптанышына маанилүү фактор болуп эсептелет. Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, жаш студенттер туура эмес тамактануу, спирт ичимдиктерин ичүү, тамеки чегүү жана кыймылсыз жашоо образы менен байланышкан бардык тобокелдик факторлорун жакшы баалабай жатышат. Жогоруда аталган факторлор ден соолукка олуттуу көйгөй пайда кылышы мүмкүн. Студенттик чөйрөдөгү мындай көйгөйлөрдү эске алуу менен туура тамактанууну жана жалпысынан сергек жашоо образын жайылтуу боюнча маалыматтык иштерди жүргүзүү зарыл. Ал эми адам тамеки чегүүгө, алкоголдук ичимдиктерге, туз, кант жана жогорку калориялуу тамак-аштарга көз каранды болгон учурларда, ага зыянды азайтуу Концепциясынын эффективдүү инструменттерин сунуштаңыз», — деп белгиледи сурамжылоонун автору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM