Биз менен байланышыңыз

Казакстандык теннисчи Рыбакина биринчи жолу Уимблдон мелдешин жеңди

Кыска кабар , Спорт | 10 Июл 2022 | 583 | 0

Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина Уимблдон турниринин жеңүүчүсү болду. Финалдык беттеште 17-орунду ээлеген казакстандык дүйнөнүн экинчи ракеткасы тунистик Онс Жаберди 3:6, 6:2, 6:2 эсебинде эрктүү жеңип алды. Жолугушуу 1 саат 47 мүнөткө созулду.

Анын атаандашы Онс Жабер «Чоң шлем» турнирлеринин финалына чыккан биринчи араб жана африкалык теннисчи айым болуп калды. Ал учурда дүйнөнүн 3-ракеткасы.

Елена Рыбакина теннисчи кыз-келиндердин арасында дүйнөдө 23-орунда турат. Ал Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн. Учурда ал 23 жашта. 2018-жылы казак жарандыгын алып, турнирлерге Казакстандын атынан катыша баштаган.

Уимблдон мелдешинин эркектер арасындагы финалы 10-июлда болот. Анда сербиялык теннисчи Новак Жокович менен австралиялык Ник Кирьос беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM