Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Дооловдун айткандары кадыр-баркка шек келтирбейт

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 206 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары адамдын ар-намысына шек келтирбейт деп билдирди.

Муфтият социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Садыбакас ажы Дооловдун айткандарын 3 критерий менен карап чыгып, шариятты бузбагандыгын, саясатка аралашпагандыгын жана жеке бир адамдын аброюна, кадыр-баркына шек келтирбегендигин аныктаган.

«Учурда Садыбакас ажы Доолов менен баарлашуу жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Садыбакас ажы Доолов өлкөдөгү эттин баасынын өсүшү тууралуу айткан сөзү соцтармакта кызуу талкуу жаратып, кийин Муфтият бул боюнча териштирүү жүргүзүлө турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM