Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүнүн Орозбековдон Панфиловго чейинки бөлүгү 30-августка чейин жабылат.
Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
7-июлдан баштап аталган көчөдөгү жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Жолдун бул бөлүгү менен унаалар жайдын аягына чейин каттай албайт.
«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана альтернативдүү каттамдарды тандап алууну өтүнөт.