Биз менен байланышыңыз

Мэрдин Бишкекти өнүктүрүүгө багытталган мегапланы

Коом , Кыска кабар , Саясат | 5 Июл 2022 | 1839 | 0

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды. Анда үч айдан ашык убакыт ичинде кандай иштерди аткарганы жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Борбор калаанын башчысы алгач шаардын экономикасына токтолду.

Жыл башынан бери шаардык бюджетке 4 млрд сом түштү

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү бюджетке 2022-жылдын январынан апрелге чейин 3 миллиард 910 миллион 6 миң сом же пландан 102,1% каражат түшкөнү белгилүү болду. Ошондой эле пландан тышкары 80 миллион сомдон ашык каражат түшкөн.

Жергиликтүү кирешенин көлөмүнүң негизги  бөлүгүн салыктык кирешелер түзөт, алардын иш жүзүндө түшүүсү 3 миллиард 555 миллион сомду же 117,6%ды түздү, план 531 миллион сомго ашыкча аткарылды.

«Инвестиция тартуу иштери жүрүүдө»

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан борбордун экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча иштер улантылып жатканы айтылды.

Ошентип, реконструкциялоонун жана өнүктүрүүнүн Европалык банкы менен кысылган жаратылыш газы менен иштеген 250 автобусту сатып алуу жана автобустук паркты оңдоо боюнча долбоорду каржылоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул максатта 25 миллион евро жана 8 миллион евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алуу пландалган.

Борбордун аймагын жашылдандыруу жана Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн «Бишкек шаарында бак-дарактарды жыл сайын көбөйтүү»долбоорун ишке ашырууга гранттык каражаттар тартылды.

Шаар ичинде 1 миң 469 мыйзамсыз курулуштар алынды

Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция 4 миң 696 объектини текшергени маалымдалды.

“Аныкталган эреже бузуулар боюнча 33 жазма буйрук жазылган. Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуулар боюнча 285 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 2 млн 282 миң сомду түздү. Ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү желим, синтетикалык калдыктар жана тыюу салынган заттарды күйгүүгө бөгөт коюуу максатында 155 чарба субъекттерин текшеришти. Жыйынтыгында тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактысы боюнча 16 миң сом суммасында 196 протокол түзүлдү”, — деди ал.

Абдыкадыров жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча объектилердин ээлерине 474 билдирүү берилип, 1 миң 469 объект бузулганын кошумчалады.

Жаңы конуштардын тургундарына 6,2 миң техникалык паспорт берилди

Маалыматка ылайык, колдонуудагы келишимдик мамилелер боюнча муниципалдык мүлктү ижарага алуу үчүн 126 690,4 миң сом келип түшкөн, жергиликтүү шаардык бюджетти толтуруу максатында түшүүлөрдү иш жүзүндө чогултуу 132 942,4 миң сомду түзгөн. Муниципалитетке турак жайлардын жалпы аянты 2659 м2 батир берилген, алдын ала баалоо боюнча суммасы 130-150 млн сомду түзөт.

«Техпаспортторду берүү боюнча Бишкек мамлекеттик «Кадастр» мекемесинин 6 мобилдик тобу жер-жерлерде белгиленген план боюнча иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө техникалык паспортторду даярдоого 10 миң 339 арыз келип түштү, кыймылсыз мүлккө 8 миң 350 изилдөө жүргүзүлдү, 7 миң 10 техникалык паспорт даярдалды, 1 миң 268 техникалык паспорт даярдоодон баш тартылды жана 6 218 паспорт берилди».

Таштанды полигону рекультавациядан өтүп, ордуна таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууга төрт компания кызыкдар.

Шаардык мэрия АКШ, Түркия, Орусия жана Германиянын төрт компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

“Кечээ түркиялык компания менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүү жүрдү. Төрт компаниянын кимиси таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну батыраак баштай турган болсо, ал менен келишим түзөбүз. Алдыдагы 2-3 ай ичинде бирөөсүн тандайбыз”, — дейт мэр.

Жыл сайын 100 лифт алмаштырылат

Бишкекте жыл сайын 100 лифтти алмаштыруу пландалууда.

Абдыкадыров «Скай лифт» жана «Могилев лифти» компаниялары тарабынан лифттерди камсыз кылуу боюнча сунуштар коюлганын билдирди.

«Беш жылдын ичинде 600 жаңы лифт сатып алуу пландалууда. Лифттерди лизингге берген жаңы компания бар — жыл сайын 100 бирдиктен. Лизингдин негизинде үч-жети жыл иштөө керек. Негизи, алар менен келишим түзсөк, беш жылдын ичинде борбордогу бардык лифттерди жаңырта алабыз».

Калаа башчысы кошумчалагандай, алардын кызматын аутсорсингге берүү пландары бар.

Төрт кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

Мэр “Бишкек шаарынын аймагында көп кабаттуу унаа токтотуучу жай» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын айтты.

Ал төмөнкү даректерде сыйымдуулугу 500 автоунаага чейин төрт кабат унаа токтотуучу жай курула турганын билдирди:

— Патрис Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде;

— Суеркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде;

— Псковск жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде;

— Түгөлбай Ата жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде.

Бишкекте 28 транспорттук жана жөө жүргүнчүлөр үчүн үч жол чырак орнотулат

Сегиз светофордук объект пайдаланууга берилди, 19 долбоордук-сметалык документтер даярдалды. Төрт светофор куруу үчүн инженердик-техникалык жана техникалык шарттарын даярдоо иштери жүрүүдө.

Санариптештирүүнүн жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан тартып «BPC AG» швейцариялык компаниясы тарабынан «Тулпар» электрондук билеттөө долбоору ишке ашырылууда.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров шаардыктардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен муниципалдык коомдук транспорттун накталай эмес эсептешүүгө өтүшүн кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Борбор калаанын мэриясы диспетчердик кызматты автоматташтыруу тутумунун киргизүү жана троллейбустарды видеокамералар менен жабдуу боюнча иш алып барууда. Долбоор жүргүнчүлөрдүн агымын изилдөө жана текшерүү, линиядагы троллейбустардын кыймылын жана иштешин көзөмөлдөө, диспетчердик кызматты автоматташтыруу, ошондой эле атайын техниканын отун чыгымдарын текшерүү үчүн ишке ашырылат.

Учурда диспетчердик курамды жаңы программа боюнча окутуу жүрүп жатат. Ошондой эле 22 троллейбуста 11 каттам боюнча видеокамералар орнотулган. 4 жана 10 троллейбус каттамындагы аялдамаларды үн менен айтуу боюнча спутник системасы аркылуу автоинформаторлор орнотулду.

Маршруттук таксилер шаар сыртына чыгарылат

Бишкек шаарына жыл аягына чейин 600 экоавтобус келип, маршруткалар шаардын сыртына чыгарылат.

Борбор калаага газ жана электр кубаты менен жүргөн 350 автобус алып келинет.

“Биз маршруттук таксинин жетекчилери менен жолугуп, жыл аягына чейин автобустар келерин айтып, 100 кичиавтобустун ордуна 10 автобусту алып иштеткиле дедик. Анткени маршруттук таксилер шаардын сыртына чыгарылат. Калаанын негизги бөлүктөрүндө автобустар жүрө баштайт. Кийинки жумада шаардык бюджеттин эсебинен 100 автобус алганы жатабыз, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 100 автобуска каражат берилерин айткан. Жалпы 500-600 автобус каттамга чыгат”, — дейт ал.

Троллейбустарда жана автобустарда накталай эмес төлөм үч айга жылдырылды

Себеби жылдын аягында шаарга 500гө жакын жаңы газ моторлуу автобустарды алып келүү пландалууда.

«2022-жылдын 1-июлунан тартып электрондук билеттерди ишке киргизүү пландалган. Бирок ишке киргизүү мөөнөтү жылдырылды. Жаңы транспорт алып келүү жолдорун издеп жатабыз, андыктан алар келгенден кийин гана системаны киргизе баштайбыз», — деп баса белгиледи Эмилбек Абдыкадыров.

Буга чейин маалымдалгандай, көптөгөн шаар тургундары «Тулпар» карталарын электрондук билет системасы киргенге чейин сатып алышкан эмес. Бул накталай эмес эсептешүүнүн кечиктирилишинин биринчи себеби болгон.

Бишкекте коомдук транспорттордо жол кирени карта менен төлөө 2020-жылы башталып, «Тулпар» системасы иштей баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM