Биз менен байланышыңыз

Муздаган дарбызда нитраттын чыныгы көлөмү көрүнбөй калат

Блог , Ден соолук , Маек | 5 Июл 2022 | 15038 | 0

Кыргызстанда дарбыздар бышып, сатыкка чыккан мезгили. Кардарлардын арасында дарбызды сатып алууда анын ден соолукка зыян тийгизбейби деген тынчыздануулары бар.  Себеби жасалма шарттарда, тездетилген ыкма менен өстүрүлгөн дарбыздарды тандап алуу коркунучу орун алат. Бул учурда азык азот жер семирткичтери менен каныккан болот. Организмге киргенде алар нитриттерге айланат да, жүрөк-кан тамыр ооруларына себеп болуп, дем алуу жана заара жолдорунда көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал. “Бай Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун башкы агроному Турусбек Асаналиев менен дарбызды кандай жол менен өстүрүү керек жана сатып алууда эмнеге көңүл буруу зарыл, дарбыздарды өстүрүүдө дарыларды көлөмү тууралуу маек курдук.

Дарбызды өстүрүү сырлары

–Кыргызстанда дарбызды өстүрүү тажрыйбасы кандай жолго коюлган?

– Биздин дыйкандардын көпчүлүгү аграном же атайы адис болбогондуктан көптөгөн каталарды кетирип жатат. Алгач топуракты даярдап алышыбыз керек. Топуракты лаборатоияга алып барып, ага кайсы заттар жетип-жетпегенин аныктоо зарыл. Адамдар  ооруканага барып текшерилип тургандай эле, жер иштетүүдө топуракты да изилдөө  талап кылынат.  Кан тапшыруу аркылуу организмдеги өзгөрүүлөрдү аныктагандай эле, топуракты изилдеп,  кандай элемент керектелет же жетиштүү экен деген суроолорубузга жооп алабыз.

Айрым жер-жемиштерге нитратты көп берсе да, аз өлчөм көрсөтөт. Ал эми коон менен дарбыз генетикалык жактан нитратты көп чогулткан жемиш катары саналгандыктан, нитратты магниттей эле тартып алат.

–Ден соолукка зыян келтирбөө үчүн дарбызды өстүрүүдө селитра колдонуунун нормалары кандай?

–Жакында мага Шамалды-Сай шаарчасынан бир дыйкан чалып, 1 гектар жерге 1 тонна селитра сатып алганын айтты. Эгер ушундай дарбыз сатыкка чыгып кетсе, нитраты өтө жогору болуп, боорду, нерв системаларын, бөйрөк, ашказанды талкалай турганы баарына маалым. Дарбыздын азот топтоо жөндөмү жогору юолгондуктан 1 гектар жерге 100-150кг тегерегиндеги селитра жетиштүү. Ижарага жерди кымбат алгандыктан, түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дыйкандар түшүнүп-түшүнбөй химиялык жер семирткичтерди колдонуп жатышат. Селитра чачуу менен жердин макро-микроэлементин, микроорганизмдердин микрофлорасын бузуп,  иштөө жөндөмдүүлүгүн өлтүрүп жатабыз.

– Негизги себеп — дыйкандардын маалыматынын жоктугубу? 

– Туура өстүрүү боюнча жаңыдан үйрөнүп келе жатышат. Биздин дыйкандардын арасында селитранын ордуна фосфордук, калийдик семирткичтерин берсе болорун аңдагандар жок эмес. Бирок жалпы жонунан билбейт. “Аныкы жакшы болуп жатат, тиги айтты-бул айты” менен эле келе жатабыз. “Бай Дыйкандын” ишмердүүлүгүнүн башкы максаттарынын бири дыйкандардын агротехникалык эрежерелди сактоосуна жардам берүү болгондуктан бизден да кеңеш алса болот.

–Жер семирткичтерди кайсы мезгилде берүү зарыл жана кандай жол менен?

–Минералдык жер семирткичтерди же органикалык жер семирткичтерди берерден мурун топуракты изилдеп алганыбыз туура. Андан кийин агрономдор менен кеңешип алуу керек.

Жер семирткичтерди берүүнүн атайы белгиленген мөөнөттөрү болгондуктан, ага жараша колдонобуз. Фосвор калий күз айларында, жазында жер айдаар алдында чачылат.

Айрымдары топурактын үстүнө таштап коёт. Карбамид, аммиак селитрасы сыяктуу азоттук жер семирткичтер “учуп” кетет, андыктан алар топурактын алдында калуусу зарыл.

Андан тышкары, сатып алып жатканда алардын колдонуу мөөнөтүн карап чыгуу керек.

Күндүн ысыгында чачуу туура эмес, эртең менен же кечке маал дарылоо зарыл. Ал эми түшүм жыйналып баштаганда дегеле химиялык заттарды колдонууга болбойт.

–Ал эми зыянкеч курт-кумурскалардан кантип арылса болот?

–Быйыл ным көп болгонуна байланыштуу курттар да көп болууда. Аларды жок кылуу үчүн химиялык заттарды чачып жатышат. Аларды колдонбой, түшүмдүүлүгүн кантип жогорулатам деген маселе келип чыгат. Ушул мезгилде энтомофаг жардам берет. Көпөлөк, жөргөмүш, шире сыяктуу зыянкечтердин жумурткасын же өзүн жей турган алтын көз, габробракон, ылдый көч-өйдө көчтөрдү энтомофаг катары колдонуу жакшы. Органикалык жол менен күрөшүү натыйжалуу экенин дыйкандар айтууда. Бул ыкманы жалпы дыйкандар колго алып, жайылтуу зарыл.

Ал эми жалбырактары саргайып ооруп жатканы, ак кебер басканы, фитофтороз переноспороз сыяктуу ооруларга каршы биопрепараттар бар.

“Бай Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун негизги максаты экологиялык таза азыктарды өндүрүү болгондуктан, органикалык азыктарды өндүргөнгө өзүнүн салымын кошуп келет.

Дарбыз сатып алуунун сырлары

–Коопсуз дарбызды кантип тандап алабыз?

–Экотестер деген өлчөөчү аспап бар. Ар бир жаран өз мүмкүнчүлүгүнө жараша экотестерлерди сатып алып койсо жакшы болот.

Дарбыздан тышкары, башка жашылча-жемиштердин абалы, сапаты, химия жана органика тууралуу маалымат берет. Аны колдонуунун да эрежелери бар. Мисалы, муздак дарбызды текшергенде, чыныгы нитраттардын көлөмү  көрүнбөй калат.

Андыктан окуп, үйрөнүп алуу эч кимге ашыкча болбойт. Дени сак жаран – дени сак улут экенин эстен чыгарбайлы.

–Дарбыз сатып алып жаткан жөнөкөй адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Дарбыздын сырткы көрүнүшүнөн анын зыяндуулугун аныктоого болот. Топуракка тийген жери саргыч болсо, анда нитраттын жоктугунун белгиси. Эгерде агыш тартып турса тескерисинче болот.

Эгерде дарбыз бата тургандай сууга салып, анын чөккөнүн байкасак, химикаттын бар экендигинен кабар берет.

Дагы бир ыкмасы, кызыл этин сууга салып көрүңүз, эгерде суу кызгылт же ачык кызыл болсо, анда курамында нитриттер көп. Азык таза болсо, суунун түсү өзгөрбөшү керек.

Колубузга алып кыса турган болсок кычыраган үн чыгыш керек.

Дарбызды сойгондон кийин ортолорунда ак жипчелери көп болсо, нитраты өтө көп, жегенге болбойт деп түшүнүңүз.

Мындан тышкары, азыр дарбыздарды көчөнүн боюна туруп алып сатып жатышат. Жолдон өткөн унаалардан чыккан газдын уулуу заттары дарбыздын сыртына сиңип калат. Ошондуктан, үйгө алып барганда агып турган сууга жакшылап жууп, андаң соң гана кесишибиз керек.

–Маегиңиз үчүн ырахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM