Биз менен байланышыңыз

Президент “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 3 Июл 2022 | 313 | 0

Кечээ, 2-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

Өлкөдө ЭКБны (энергиянын кайра жаралуучу булактары) тезинен өнүктүрүү электр энергиясынын тартыштыгы, ЭКБ тарабынан иштелип чыккан энергияны республиканын экономикалык жактан өнүгүшүнө жана отун теңдемине кошуу менен шартталгандыгы маалымдалат.

Ошондой эле, ЭКБнын негизинде энергетикалык кубаттуулукту өндүрүүнүн ири жана чакан объекттеринде дагы жаңы кубаттуулукту киргизүү чоң көйгөйү тургандыгы, аны колдонуунун жаңы технологиялары айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизүүсүн төмөндөтүү жөнүндө айтылган. Ар түрдүү категориядагы керектөөчүлөргө кымбат эмес, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап булактарды жалпы алуу мүмкүнчүлүгүн ачуу менен, атаандаштык энергия жабдууну камсыздоо аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарына жетүү боюнча милдеттеринин бирин аткаруу болуп саналары белгиленет.

Сунуш кылынган мыйзам ЭКБны пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салууну, ЭКБ жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, ЭКБ жаатындагы экономикалык жана уюштуруучулук-укуктук механизмдерин өзүнө камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM