Биз менен байланышыңыз

Оштогу «Манас-Ата» кафесинин ээси көрсөтмө берди (видео)

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 963 | 0

Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафесиндеги окуя боюнча кафенин ээси Бахтияр Гуламов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, суракка алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Аны менен катар кафенин администратору, блогерлер менен түшүнбөстүккө барган Машрапхон Кушакбаева, анын жардамчысы Ориф Аширалиев да тергөө кызматына алып келинип, окуя боюнча көрсөтмөлөрүн беришкен. Гуламов жарандарга орой мамиле жасаганы үчүн Машрапхон Кушакбаеваны кызматтан кетиргенин билдирген.

Учурда ар тараптуу текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканы, катышы бар жарандарга тиешелүү юридикалык баа берилери, экспертиза дайындалганы айтылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны шылтоо кылып, улуттар аралык араздашууну күчөткөн, жарандардын улутуна, жеке кадыр-баркына доо кетирген билдирүүлөрдү жасоодон алыс болууга чакырат.

Сүрөттө: «Манас-Ата» кафесинин администратору Машрапхон Кушакбаева.

Видеодо: «Манас-Ата» кафесинин ээси Бахтияр Гуламов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM