Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 30-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,
Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31.
Бишкек шаарында кечке маал өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +36…+38 градус болот.