Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы «Велошеринг – эс алуунун жакшы жолу» деп аталган пилоттук долбоорду ишке ашырат.
Маалыматка караганда, экологиялык жактан таза транспортту ижарага берүүчү 80 пункт уюштурган. Июль айынан баштап мобилдик колдонмо аркылуу велосипед, самокат жана электросамокат ижарага алууга болот.
Долбоор Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтууга, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.