Муктар Жумалиев Кыргызстандын Бельгиядагы, Нидерланддагы, Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ызматынан бошотулду.
Ал мындан тышкары Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы, Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) туруктуу өкүлү кызматынан алынды.
Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.