Биз менен байланышыңыз

Путин менен Рахмон кайсы маселелерди талкуулай турганы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 430 | 0

Орусия жана Тажикстандын президенттери Владимир Путин менен Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында жолугушат. Бул тууралуу журналисттерге орус мамлекет башчысынын жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык, миграция жана башка багыттар боюнча кызматташуу тууралуу сөз болот.

Быйыл эки өлкөнүн эгемендик алгандан кийинки дипломатиялык алакасынын башталганына 30 жыл толду.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ооганстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулат. Андагы азыркы оор кырдаалды эске алуу менен Тажикстандын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, Ооганстандын аймагынан радикал күчтөрдүн киришине жол бербөө боюнча биргелешкен, коргонуу чараларын талкуулоо пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Путин Тажикстанда 28-июнда болот жана дароо эле Рахмон менен жолугушат. Бул сүйлөшүүнүн башталышы массалык маалымат каражаттары үчүн ачык болот.

Андан соң лидерлер бейформал шартта жумушчу баарлашууну улантат. Анда президенттердин талкуулай турган темалары көп болгондуктан сүйлөшүү узак болору айтылууда.

«Президенттердин сүйлөшүүсү кечке чейин уланат окшойт», — деди Ушаков.

План боюнча Путин 29-июнда эртең менен Дүйшөмбүдөн Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына учат.

Ушаковдун айтымында, бул — Орусия менен Тажикстандын президенттеринин жыл ичинде экинчи жолу бетме-бет жолугушуусу. Буга чейин 16-майда Москвада ЖККУнун мааракелик саммитинин алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM