Биз менен байланышыңыз

Жаңы Ак үйдү «Кыргызкурулушсервис» ишканасы курат

Кыска кабар | 25 Июн 2022 | 318 | 0

Президенттин администрациясынын административдик имаратын куруу долбоорун президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Бул тууралуу президенттин админирациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча түзүлгөн дирекцияны жоюу чечими кабыл алынган жана анын башка долбоорлору болгон эместиги аныкталган.

«Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу (подрядчы) аныкталат», — деп айтылат маалыматта.

 

Copyright © 2017 Maral FM