Биз менен байланышыңыз

ТүркПАнын бүгүнкү отурумунда атын өзгөртүү маселеси каралат

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 167 | 0

Бүгүн, 24-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова,  Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Венгриянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Шандор Лежактар келди.

Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мамлекеттеринин парламенттери мүчөлүк кылган ассамблеянын бүгүнкү отурумунда ТүркПАнын атын өзгөртүү жана бир катар маанилүү маселелер каралмакчы.

Эскерте кетсек, кечээ 23-июнда иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жыйынга чакырылган парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM